Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандардан өрттүн алдын алууну өтүнөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы, бүгүн, 13-августта тараткан билдирүүдө маалымдалат.
Анда аба ырайынын ысык болгондугуна байланыштуу Кыргызстанда табигый мүнөздөн улам келип жаткан өрт кырсыктарынан эгин талаалары, кышка камдалуучу жайыттагы чөптөр өрттөнүп, бир топ чыгым алып келгени айтылат. Буга байланыштуу Өрткө каршы кызмат агенттиги бардык жарандарга эскертүү берүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Эгерде кимде-ким тоолуу, токойлуу аймактарга эс алып барса, жаш балдарга ширеңке карматпай, от чыгаруудан алыс болуп, токойлордун күйүп кетишине жол бербеши керек. Ошондой эле талааларда күндүн ысыгынан өрт чыкканын көрүп же маалымат алса, тез арада 101 кызматына маалымдап коюуларын өтүнөт.