"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “Супер ырчы мырза” наамын 2 жолу жеңип алган ырчы Нурлан Насип Ысык-Көл жергесин кыдырып концерт коюп кайтты. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына 14-августта билдирди.
“Концерттин баары аншлаг менен өттү. Күйөрмандар жакшы кабыл алышты. Мени менен бирге “Тамашоу” долбоорунун балдары да барышкан. Алар боорду эзген тамашалары менен көрүүчүлөрдүн маанайларын көтөрүп жатышты. Учурдан пайдаланып көлдүк күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. Ошондой эле эки коёнду бир атып, көлгө түшүп, эс алып да жаттык”,- дейт гастролдук сапары тууралуу бөлүшкөн Нурлан Насип.