Ысык-Көл облусунун Түп районунда 21-январь күнү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кошмо жыйыны болуп өттү. Район боюнча жергиликтүү кеңештин 163 депутаты болсо, жыйынга алардын 146сы жана өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Мирбек Асанакунов катышты. Өкмөт өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетованын айтымында, жыйында регламентин бекитүү, кошмо кеңештин төрагасын, катчысын жана эсеп комиссиясын шайлоо маселелери каралды. Натыйжада кошмо кеңештин төрагасы болуп Төлөнбай Турсуналиев шайланса, калган 2 маселе боюнча үчтөн киши бекитилди. Бул кошмо жыйын облус боюнча алгач Түп районунда өткөрүлө баштаганын айтат өкүлчүлүк.