* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы баш калаанын борборунда жайгашкан "Айчүрөк" универсал дүкөнү ачылган. Менчиктештирүү жаңыдан башталган 1992-жылдын 7-августунда "Айчүрөк" борбордук универсал дүкөнү – ЦУМ" ачык акционердик коомуна айландырылган. Аз өтпөй өкмөт өзүнө тийиштүү 26,22% акциясын 1998-жылдын 27-октябрында сатууга коюп, аны италиялык "Кэвитал" компаниясы утуп алган. Италиялык ишкер Жоржио Фиаккони универсал дүкөнгө 2,5 миллион доллар инвестиция алып келүү убадасын берген. Италиялык ишкердин көзгө көрүнөрлүк жумушу "Айчүрөк" борбордук универсал дүкөнүнө кошуп 2003-жылы "ЦУМ – Холдинг", андан соң "ЦУМ-Арбат" жоопкерчилиги чектелген коом түзгөндүгү болгон.

* Мындан 26 жыл мурун, 1988-жылы италиялык белгилүү автомобиль куруучу, “Феррари” компаниясынын негиздөөчүсү
Энцо Феррари дүйнө салган.
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Грециянын борбору Афины шаарына жакын жерде Боинг-737 учагы кулап түшкөн. Учакта болгон 121 кишинин баары каза болгон.

* Мындан 46 жыл мурун, 1968-жылы Голливуд жылдызы, актриса
Хэлли Берри туулган.