Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун кайра конструкциялоонун экинчи фазасы толугу менен аяктады
Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун кайра конструкциялоонун биринчи жана экинчи фазасы аяктады. Учурда Таластан Казакстандын чек арасына чейинки аралык оңдолуп, үчүнчү фазасы жүрүүдө. Бул тууралуу маалымат КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылга карата бюджети жана 2016-2017-жылдарга карата болжолу жөнүндөгү долбоордо көрсөтүлгөн. Каржылоого "Ислам" өнүктүрүү банкы, "Сауд" өнүктүрүү фондунан 20 миллион доллар жана КРнын бюджетинен 2 миллион доллар бөлүнгөн. Бул боюнча макулдашуу ратификацияланып, үчүнчү фазаны бүтүрүү үчүн 2015-жылдын жаз айларында тендер өткөрүлөт.