Кечээ, 13-августта Жоомарт Оторбаев Өкмөт үйүндө Социалдык фондду реформалоо боюнча жыйын өткөрдү. Ага биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев, вице-премьер Эльвира Сариева, Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев жана тийиштүү министрлик жана ведомстволордун жетекчилери катышты.
Өкмөт аппараты билдиргендей, Жоомарт Оторбаев Социалдык фонддун бюджеттик каражат бөлүү боюнча саясатын кайрадан карап чыгуу, анын ичинде пенсиялык тутумду, уюшулган сектор үчүн камсыздоо төлөм коюмдарын, соцтөлөмдөрдү администрациялоону реформалоо маселесин карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Оторбаев 2015-жылы Социалдык фондго республикалык бюджеттен 17 миллиард сом өлчөмүндөгү каржылоо талап кылынарын айтты. Бул 2014-жылга карата бөлүнгөн каражат планынан 2,2 миллиард сомго көп.
Буга байланыштуу, Жоомарт Оторбаев белгилегендей, учурдагы пенсиялык камсыздоо тутуму басымдуу түрдө көмөк пулга муктаж, мында көптөгөн пенсионерлер тобу пенсияга кошумча көмөк пул алышат.
“Республика Социалдык фондго пенсиялык трансферлер боюнча мамбюджетке карата келтирген жүгү боюнча жогорку чекке жетти. Жеңилдетилген пенсиялык кошумчаларды тыкыр текшерүүгө алуу учуру келди. Пенсия муктаж жактарга социалдык колдоо көрсөтүү катары каралышы керек. Өкмөт Социалдык фондго каражат бөлүүнү кыскартууга умтулуп, анын ишмердүүлүгүн реформалоого киришти”,- деди Жоомарт Оторбаев. Андан сырткары социалдык төлөм жана пенсияларды төлөп берүүдө диспропорция орун алып жатканын кошумчалады.
“Пенсионерлердин чоң топтору бюджет эсебинен гана эмес, башка пенсионерлер тобунун камсыздоо төлөмдөрү эсебинен кошумча каржыланат. Уюшулган тармак өкүлдөрүнө пенсия көлөмү коэффициент тутуму аркылуу төмөндөтүлөт, ал эми башка пенсионерлер тобуна жогорулатылат. Социалдык акыйкатсыздык келип чыгып жана уюшулган сектордун социалдык чогултуулар төлөмүн айкын жүргүзүү боюнча мотивациясы төмөндөйт. Учурдагы пенсиялык тутумда “советтик мезгилдеги теңдөө” элементтери сакталып калган”,- деди ал.