Жумгал районундагы сот отурумунда чыккан баш аламандык боюнча тергөө иштери бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 14-августта билдирди. Маалыматтарга караганда, Нарын облустук прокуратурасы 2014-жылдын 20-февралында Жумгал райондук сотундагы Айбек Мамбеталиевдин өлүмү боюнча соттук отурумдагы баш аламандыкта Ж.Сыдыков, Р.Токтогулов, Ч.Баялиев аттуу жарандардын сабалышы боюнча кылмыш ишинде тергөө амалдарын бүтүрүп, сотко өткөргөн.
Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Б.Мамбеталиев, М.Мамбеталиев, Ж.Мамбеталиев, Ж.Нааматова, К.Бейшенкулова, Ж.Карыбек уулу, К.Акматов, Ж.Мусаев, Э.Чынарбек уулу, Р.Жунушалиев, Э.Кумарбеков, Э.Карагулов, М.Кадыров, Г.Макенов, Б.Орозобеков аттуу жарандарга карата “адам өлтүрүүгө аракет кылууда катыштыгы бар”, “адам өлтүрүү,” “адам уурдоо” жана башка бир катар беренелер боюнча айып тагылды. Айта кетсек, камакка алынгандардын арасындагы Э.Кумарбеков жана Ж.Мусаев аттуу жарандардын туугандары алардын күнөөсүз экендиктерин айтып президентке кат жолдошкон. Кайрылууда анык күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы талап кылынып, “Эгер ачкачылык жарыялаган Карагулов, Мусаев, Кумарбековдордун ден соолугуна зыян келип, кырсыкка учурашса, сиздер жооп бересиздер. Сиздерди күнөөлөйбүз” деп жыйынтыкталат.
Эске салсак, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан. Анда айыпталып жаткан 3 милиция кызматкерин көздөй күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр ыргытылып, залда өрт чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкери катуу сабалып, күйүк алган. Экинчисин милиция кызматкерлери аман алып калышкан. Үчүнчүсү Рустам Токтогулов тууралуу "ал Көкөмерен дарыясына ыргытылган" деген болжолдуу маалыматтар жарыяланган болчу. Кийин Рустам Токтогуловдун сөөгү май айында Жумгал районунан табылган.