Ысык-Көлдө Мамлекетти бекемдөө жылына арналган маданий жана спорттук иш-чара өткөрүлөт

16-августта Жети-Өгүз районуна караштуу Мундуз айылында Ысык-Көл облусуна таанымал тарыхый инсандар Тилекмат аке менен Сарт акенин элесине арналган бир катар маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чаранын негизинде кыргыз күрөшү боюнча мелдеш, көк бөрү, оодарыш жана кыз куумай оюндары болот. Бардык оюндардын жана мелдештин жеңүүчүлөрүн баалуу байгелер, диплом, грамоталар күтөт. Уюштуруу комитетинин төрагасы Талантбек Жапаровдун айтымына караганда, салтанат өтө турган жерде Тилекмат аке жана Сарт акенин эстеликтери реконструкцияланган.

Майрамдык иш-чара убагында 40ка жакын боз үй тигилип, 2000ге жакын коноктун келүүсү күтүлүүдө. Анын ичинде республиканын бардык аймактарынан келген делегаттар болот. Салтанатты эстрада жылдыздары коштойт. Бул иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата өткөрүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан