Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү Бишкекте жолугушуу өткөрүп, анда мурда кол коюлган 40 чакырым чек ара тилкеси тууралуу келишим бекитилет. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда өкмөттүн аппаратынын чек ара делимитациясы боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Курманбай Искандаров билдирди. Иш-чара 26-январга белгиленип жатканын маалымдаган өкмөттүн өкүлү буларга токтолду: “Кызыкчылыктар, көз караштар туура келгенде чек ара, делимитация маселелери бат эле чечилет. Тажикстан менен учурда көз карашыбыз туура келген жерлерде чек ара маселеси чечилүүдө, эки тарап тең бул маселенин эрте чечилүүсүн каалайт”,- деди.