Бишкекте уурулукка шектелип 54 жаштагы жаран кармалды

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-августта бир катар уурулуктун бети ачылганын маалымдады. 

Милицияга Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Д.Антон кайрылган. Ал Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар 20 миң сомдук велосипедин уурдап кеткенин билдирген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип борбор калаанын 16 жаштагы тургуну Т.Тилек кармалды.

Ошондой эле укук коргоо органдарына кайрылган 19 жаштагы А.Насыйкат капчыгын уурдатканын билдирген. Бул кылмышка шектелип 54 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну Т.Канатбек колго түшүрүлгөн. Шектүүнүн башка кылмыштарга да тиешеси бар экени аныкталган.

Ал эми Бишкек шаарынын 31 жаштагы жашоочусу Ш.Марина белгисиз адамдар соода күркөсүнө кирип 9750 сом акча каражатын уурдап кеткенин айткан. Аталган фактыга шектүү катары 49 жаштагы Александр кармалды.

Милицияга борбор калаанын 50 жаштагы тургуну К.Талгат кайрылган. Ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, ноутбугун уурдап кеткенин билдирген. Буга шектүү катары 22 жаштагы Б.Тынчтыкбек кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан