* Мындан 90 жыл мурун, 1924-жылы жазуучу Зуура Сооронбаева туулган. 1940-жылы орто мектепти бүтүп, эмгек жолун "Ысык-Көл правдасы" гезитинин редакциясында секретарь-машинистка болуп иштөөдөн баштаган. 1959-1974-жылдары район аралык "Коммунисттик эмгек" гезитинде кабарчы, 1974-1979-жылдары кайрадан "Ысык-Көл правдасы" гезитинде кабарчы болуп иштеген. Биринчи поэтикалык жыйнагы "Менин айылым" деген ат менен 1960-жылы жарык көргөн. Анын "Эркек колукту", "Сынган мазар", "Байлык жана махабат", "Өрттүү таң" сыяктуу белгилүү чыгармалары бар. Жазуучунун "Сынган мазар" пьесасы казак тилине которулуп, "Илдет" деген ат менен Абай атындагы Жамбыл театрында коюлган. З.Сооронбаева бир катар роман, повесть, аңгемелердин жана эсселердин автору. "Чоочун киши" романынын уландысы окурмандардын суранычы боюнча жазылып, экинчи китеп болуп чыккан.