Жылнаама, 16-август: Мындан 37 жыл мурун "рок-н-ролл падышасы" аталган америкалык ырчы Элвис Пресли каза болгон

* Мындан 98 жыл мурун, 1916-жылы падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздар Нарын суусунун сол өйүзүндөгү Жан-Булак кыштагын басып алууга далалат жасашкан. Казымбек баштаган кыргыздар сууга киргенде 300 чамалуу аскер каршы чыкканын көрүшүп, кайра Ак-Мойнокко артка чегинишкен. Нарындан ушул эле күнү Кочкорду карай 300 чамалуу аскер чыгыптыр деген кабарды уккан кыргыздар өз айылдарына тарашкан.
* Мындан 37 жыл мурун, 1977-жылы "рок-н-ролл падышасы" аталган америкалык ырчы Элвис Пресли каза болгон. Анын өлүмүнүн себеби расмий түрдө “жүрөктүн токтошунан” деп айтылса да, чындыгында, анын баңгизаттарынан каза тапканы белгилүү: Элвистин канынан баңгизаттын 14 түрү табылган эле. Ошентсе да ыр­чы өз өлчөмүн билбей калдыбы же атайын бул жашоо менен кош­тошкусу келдиби, бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Ал 1935-жылы 8-январда Тьюпелло шаарында (Миссисипи, АКШ) жөнөкөй жумушчулар Вернона жана Глэдис Преслинин үй-бүлөсүндө эгиз уулдар төрөлгөн. 
* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы америкалык ырчы Мадонна туулган. «Америка жашоосу», «Кыз сыяктуу», «Бактылуу жылдыз» жана башка ырлары менен дүйнөлүк масштабда белгилүү болгон ХХ кылымдын эң популярдуу ырчысы «поп-музыканын ханышасы» аталган. Ал тургай ар бир мамлекеттин эли өздөрүнүн эң белгилүү ырчыларын «Биздин өлкөнүн Мадоннасы» деп Мадоннага теңеп келишет. Ушундай атакка ээ болуп, дүйнөнү багындырган Мадоннанын толук аты-жөнү – Мадонна Луиза Вероника Чикконе. 
16-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан