* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы
Түркияда болгон күчү 7,8 баллга жеткен зилзаланын кесепетинен 17 217 киши каза болуп, 43 959 киши жаракат алса, 500 миңден ашуун адам үй-жайсыз калган.* Мындан 98 жыл мурун, 1916-жылы Пишпек шаардык окуу-китепканасы ачылган. Китепкана ачуу демилгесин мугалим И.М.Глебов, фельдшер И.А.Якушев, шаардык буржуй И.А.Моргунов көтөргөн.

* Мындан 71 жыл мурун, 1943-жылы Нью-Йорк шаарында америкалык атактуу актёр жана продюсер
Роберт Де Ниро туулган. Эки жолу "Алтын глобусту" жана 1975, 1981-жылдары "Оскар" сыйлыгын алган.
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы Украинада (Киев) Ил-18Б учагында өрт чыгып, кыйроого учураган. Учактагы 34 кишинин баары каза болгон.