Жылнаама, 18-август: Мындан 59 жыл мурун өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев туулган

* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы Кыргызстандын 21-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Фрунзеде туулган. 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетин физика адистиги боюнча бүтүргөн (артыкчылык диплому менен аяктаган). Ал эми 1981-жылы Москвадагы СССР ИА Физика институтунун аспирантурасын аяктаган. Эмгек жолун 1981-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кенже, ага илимий кызматкер, плазма спектроскопия лабораториясынын башчысы болуудан баштаган. 2014-жылдын апрелинен баштап кыргыз өкмөтүн жетектеп келе жатат.
* Мындан 787 жыл мурун, 1227-жылы, айрым тарыхый маалыматтарга караганда, дүйнөгө таанылган айтылуу өкүмдар Чыңгыз хан дүйнөдөн кайткан. Жазма булак маалыматтары өкүмдардын өлүмү туурасында ар башкача кабар беришет. Алардын кээ бирлери "Чыңгыз хан аттан жыгылып өлдү" дешсе, айрымдары "анын эски жарасы ачылып, кан токтобой жан берди" деп жазышат. 
 
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы төкмө акын, обончу Майра Керим кызы каза тапкан. Майра Керим кызы 1962-жылы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. Үй-бүлөдө жети бир туугандын бешинчиси эле. Кыргыздын келини гана болбостон, жээни дагы болгон.
* Мындан 64 жыл мурун, 1950-жылы Альпы тоосунда 4 айлык мышык альпинисттердин артынан ээрчип, Маттерхорн чокусун багынткан.
18-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bekzamann
2014-08-17 20:34:00
Туулган кунунуз кут болсун премьер мырза!
+1
Anarbaeva
2014-08-18 00:53:01
Бугун менин да туулган кунум)))
0
Elya20
2014-08-18 01:19:59
Anarbaeva, туулган кунун менен!
0
baiysh0704
2014-08-18 08:21:35
18-aвгустта Алайдын Корул айылынан Кожоева Махабат да торолгон,куттуктайбыз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан