Бүгүн, 14-августта хакерлер Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин "Твиттердеги" баракчасын бузуп кирип, саясий билдирүүлөрдү жазышууда. Алардын арасында "Крым биздики эмес. "Твитти" бөлүшүп коюуңуздарды өтүнөм", "Отставкага кетем. Өкмөттүн аракеттери үчүн уялып жатам. Кечирип койгулачы" деген билдирүүлөр бар.
Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы ММКларга "Твиттердеги" Дмитрий Медведевдин билдирүүлөрүн хакерлер жазганын жана бул маселени чечүү жагы каралып жатканын маалымдашкан. Дмитрий Медведев Орусиядагы чиновниктердин ичинен интернеттеги социалдык тармактарда активдүү колдонуучу катары белгилүү.