Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусу эми 13 метрге ылдыйлайт

Нарын облусундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы бийиктиги 3030 метрди түзгөн Долон ашуусу жолдогу оңдоп-түзөөлөрдөн кийин 13 метрге ылдыйлайт. Мындай маалыматты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү ашуудагы иштердин жүрүшү менен таанышууга барган Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен жолугушууда билдиришти.

Учурда Долондун жолу асфальттоо үчүн тазаланып жатат. Ишти кытайлык “Синогидро” компаниясы жүргүзүүдө. Алардын айтымында, суук эрте түшпөй турса, октябрь айына чейин ашуунун жолу асфальтталып бүтөт.

Аталган компания Кочкор районунун асфальттала элек участкасынан баштап, Ат-Башы районунун кире беришине чейин жолду толук калыбына келтирери айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bairam09
2014-08-14 17:06:47
Баракелде ишинер илгери болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан