"Өзүнүн 4 айлык баласын эмерекке чаап өлтүрдү" деп шектелген жаран иликтөөдө “мен мас элем, чалынып кеттим” деп билдирди.
Эске салсак, Аламүдүн районунун тургуну үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 4 айлык наристесин эмерекке чаап өлтүрүп салганы айтылган.
8-август күнү 34 жаштагы жаран үйүнө мас абалында келип, аялы менен уруша кеткен. Аялы күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдабай кетип калган. Алдын ала маалыматтарга караганда, аялынын качып кеткенине ачууланган үй ээси 4 айлык наристесин колуна көтөрүп эмерекке чаап салган. Ымыркай окуя болгон жерде каза тапкан. Мындан соң 34 жаштагы жаран из жашырып кетүүгө аракет кылып, бирок милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Иликтөө учурунда кылмышка шектүү болгон Икрам Упаев: “8-августта аялым экөөбүз үйдө ичип отурганбыз. Кийин экөөбүз уруша кетип, аялым качып кетти. Кичүү уулум ыйлап баштаганда аны сооротуу үчүн колума алгам, анан чалынып кеттим. Балам ыйлабай калганынан барып, андан кийин улуу балам менен уктап калдым. Эртең менен аялым келип, "арыз жазам" деп милицияга кеткен”,- деди.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.