Эльвира Сариева республикада “Дени сак, билимдүү, маданияттуу өлкө” программасы өз ишин баштаганын белгилеп өттү. Анда сергек жашоо образы боюнча долбоорлор камтылган.
«Аталган программа бөлүгү катары мектептерге ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр киргизилмекчи. Иликтөөлөрдө айтылгандай, мектепте окуй баштагандан тарта балдардын кыймылдуулугу чектелип, алардын 67 пайызы – омурткасына залал тиет, жаштар арасында жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандардын саны кескин жогорулоодо.
Ал эми өлкөдө дене тарбиясынын жайылтылышы болгону 7 пайызга жетет, бул улут генофондунун коопсуздугуна коркунуч туудурган төмөнкү чектен бир топ төмөн. Мен бул демилгени ата-энелер туура кабыл алып, колдоого аларына ишенем. Көнүгүүлөрдү жасоо өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна оң таасир тийгизип, келечектүү жаштардын чоң спортко багыт алуусуна шарт түзөт»,- деди вице-премьер-министр Эльвира Сариева.