Ош облусунун Өзгөн районунда акыл-эс жактан артта калган 15 жаранга айдоочулук күбөлүк даярдап бергендер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо департаментинин кызматкерлеринин жана Ош облустук саламаттыкты сактоо мекемелеринин мыйзамсыз айдоочулук күбөлүктөрдү берген туруктуу коррупциялык схема аныкталган.
Андагы жооптуу кызмат адамдары менчик айдоочулукка окутуучу мектептер менен бирдикте транспорттук каражаттарды башкарууга медициналык каршы көрсөтмөсү бар, медициналык мекемелерде акыл-эс жактан артта калуу боюнча ар кандай диагноздору менен диспансердик каттоодо турган Ош облусунун Өзгөн районунун 15 жашоочусуна айдоочулук күбөлүк даярдап беришкендиги тастыкталды.
Аталган факты боюнча 12-августта УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221, 304, 315-беренелери боюнча кылмыш иши ачылды.