Жоомарт Оторбаев 14-августта КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, экономика министринин орун басары Данил Ибраев, КР Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык маминспекция директору жана өкмөт аппаратынын кызматкерлери менен бирдикте өлкөнүн айыл чарба продукциясын Орусияга экспорттоо мүмкүндүгү боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.
Өкмөт башчынын айтымында, Евробиримдик, АКШ, Австралия, Канада жана Норвегиядан Орусияга азык-түлүк импорттоого карата тыюу салынууда, бул өз кезегинде кыргызстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн чоң сатык рыногун ачууда.
Буга байланыштуу премьер-министр Айыл чарба жана мелиорация министрлигине орусиялык кесиптештери жана ишкерлер менен байланышты активдештирип, аларды жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн учурдагы жана келечек мүмкүндүгүн иликтөө үчүн өлкөгө чакырууну колго алууну тапшырды.
Өз кезегинде Таалайбек Айдаралиев өкмөт башчыга анын жеке тапшырмасы боюнча РФ Айыл чарба министрлигине жер-жемиш, эт, сүт продукциясын жана төө буурчак экспорттоо тууралуу сунуш жөнөтүлгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле Орусия Федерациясынын аймагына продукция алып кирүүдө республикалык ветеринардык лабораториянын сертификатын убактылуу таануу үстүндө иш алып баруу сунушталган.
Министр кошумчалагандай, КР Айыл чарба министрлиги тарабынан Свердлов облусунун айыл чарба министри менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн, андан соң облусту азык-түлүк менен камсыздаган 18 фирманын тизмеси алынган. Учурда КР Айыл чарба министрлиги аталган компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
"Азык-түлүк продукциясын сертификатташтыруу үчүн лабораториялар менен камсыздоо боюнча иш-чаралар КР Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасында каралган. Биз бул багытта активдүү иштерди жүргүзө баштадык. Ал эми Орусиянын айрым облустары менен кызматташууга келсек, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантуу зарыл",- деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.