Эльвира Сариева массалык спортко көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүү башталганын айтты

КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева 14-августта Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдер окуу жайында болду. Вице-премьер-министр окуу класстары, спортзалдардын абалы менен таанышып чыкты. 

Оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан бассейндин курулушу менен таанышты. Бассейн колдонууга берилгенден кийин аталган окуу жайда сууда сүзүү боюнча мелдештерди өткөрүү мүмкүн болору айтылды. 

Эльвира Сариева массалык спортко көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүү башталганына токтолуп: "Олимпиадалык резервдер окуу жайы дене тарбия жана спорттун борбордук мектеби боло алат. Сууда сүзүү спорту боюнча инфраструктуранын жетиштүүлүгүн эске алганда, силердин база балдарды спортко тартууда негиз болот",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан