Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкери пара алууга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 15-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган башкармалыктын кызматкери тарабынан Айдаркендеги курулуштун архитектурасынын шарттары үчүн пара талап кылуу фактысы аныкталган. Кызматкер 13-август күнү 13 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголду. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.