Август айына карата республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө 30 миллиард сом бөлүндү

2014-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалардын салыштырма суммасы 63,1 пайызды (30 миллиард 448,7 миллион сомду) түздү. Бардыгы болуп өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 9 миллиард 659 миллион сомго көп бөлүндү (2013-жылдын январь-июль айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалардын суммасы 47,3 пайызды түзгөн).

Республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалардын көрсөткүчү төмөнкүдөй:

  • социалдык коргоого – 27,6 пайыз (өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллиард 844,4 миллион сомго көп)
  • билим берүүгө – 21,9 пайыз (өткөн жылга салыштырмалуу 7 миллиард 613,2 миллион сомго көп)
  • саламаттык сактоого – 11,4 пайыз (өткөн жылга салыштырмалуу 116,2 миллион сомго көп)
  • эс алууга, маданиятка жана динге – 2,3 пайыз (өткөн жылга салыштырмалуу 85,2 миллион сомго көп).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан