Президент өлкөнүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасын кабыл алды

Алмазбек Атамбаев 15-августта өлкөнүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн шайлоо системин өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте БШКнын көрүп жаткан чаралары тууралуу маселелер талкууланды. Туйгунаалы Абдраимов жарандар тууралуу биометрикалык маалыматтарды жыйноо иштерин жүргүзүү боюнча камылгалар, ошондой эле шайлоочулардын сапаттуу тизмесин жана добуштарды ачык эсептөө процессин камсыз кылууга   багытталган чаралар туурасында маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү демократиялуу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн шайлоо системин өркүндөтүүнүн маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы келерки жылдагы парламенттик шайлоолор ачык жана калыс өткөрүлүп, анын жыйынтыктары жарандарда ишеним жаратууга тийиш экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан