Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кыргыз элине кайрылуу жасады

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кыргыз элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 15-августта билдирди.

Анда кыштан аман-эсен чыгуу үчүн тиричиликте жана өндүрүштө электр энергиясын үнөмдөө өтүнүчү айтылат.

Ошондой эле өкмөт башчы кайрылуусунда кыш мезгилинде имараттарды жылытуу, тамак даярдоо үчүн көмүрдүн керектүү көлөмүн даярдап алууну суранган.

“Электр энергиясын жылытуу үчүн пайдаланууга тыюу салуу, көңүл ачуучу жайларды, сауналарды, унаа жуугуч жайларды жылытуунун башка түрлөрүнө өткөрүү, металлды эритүү максатында электр энергиясын пайдаланган ишканалардын жабдыктарын өчүрүү - өкмөттүн биринчи кезекте аткаруусу керек болгон иш-чаралар” деп айтылат Оторбаевдин кайрылуусунда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан