Кыргыз-казак чек арасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз-казак чек арасында 16-август күнү саат 03:40 чамасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, Ананьев айылынан 35 чакырым алыстыкта орун алып, күчү 5,5 баллга жетти. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институтунун расмий сайты жазып чыкты. 
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 4,4 балл, Чолпон-Ата шаарында 4-4,5 балл, Түп, Тору-Айгыр, Чок-Тал айылдарында 3-3,5 балл, Бөкөнбаев айылында, Кажы-Сайда жана Караколдо 2,5-3 баллга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Oceana
2014-08-16 08:33:19
Kudai saktasyn!
0
Fekus
2014-08-16 09:06:23
Бишкекте да титиреди. Катуу силкинип отту. Мен ойгоо болчумун.
0
ayakosya
2014-08-16 09:12:04
Жабыр тартканар жок бекен? Тынч эле болушсун
+1
kamarik
2014-08-16 09:42:49
Бизде кату болду биз жакта болуптур эпицентри значит.чочуп ойгондум.3:45 убакта болду .не деген гана ойлор келбейт адамга(((
0
tolkun85
2014-08-16 10:21:01
кудай сактааа!!!
+1
insap
2014-08-16 10:47:41
Кудай өзү сактасын! Ушул күндөрдөгүдөй жамгырлуу мезгилде Жер титирөөлөр дамый-дамый көрүлүп турат өңдөнөт. Калганы жараткан Алла тааланын колунда...
0
DASTAN92
2014-08-16 12:05:39
Алматыда да болду бирок мен туйбадым
0
LISICHKA
2014-08-16 12:05:58
откондо кыргыз-казак чек арасында жанжал чыккан эле,бул кудайымдын эскертуусу урушпай-талашпай тынч жашагыла деген.Ушуну эске алып коюшса эки жактын чондору.
+2
Alai.kyzy
2014-08-16 15:31:03
Тундо 03.45те жер катуу титиреди Алматыда. 5этажда, тем более диванда элем, журогум тушуп калды. Кыйла эле катуу болду. Акыркы жолу Алматыда ушундай катуу жер титироо 2011жылы болду эле. Кудай озу сактады.
0
Xabibbullo
2014-08-16 18:13:25
Неге сразу чондор куноолу эл чондор барып сонушуп жатабы бири бири менен??? Бул жер титиреген себеби адамдардын пейили бузулду дегенди билдирет мусулмандардын сабыры кетти сыпааты кетти мусулман деген атыбыз эле калды Аллахты унутуп койдук ушунун айынан. Жер титерегенде баардыгы Аллахты эстейт ал эми бир кылымыш жее бузукуну укса алладан ыйман тилегендин оордуна баягы эле чондорду жеп жатып калабыз
0
Ganibal87
2014-08-17 00:22:35
Xabibbullo, Молодец 5деген баа сага дагы бир сыйра эскерип койгун?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан