Бүгүн биометрикалык жабдуулардын биринчи партиясы алынып келет

КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы алдында 15-августта калктын бирдиктүү реестрин түзүү жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Т.Сарпашев биометрикалык маалыматтарды чогултууну баштоо үчүн жасалган аракеттер аяктап жатканын баса белгиледи. "Биометрикалык жабдуулардын 100 комплектен турган алгачкы партиясы 16-августта келет. 27-августтан тарта алдын ала маалымат чогултуу башталат. Алгач биометрикалык жабдуулар өлкөдөгү почта бөлүмдөрүнө, калкты каттоо борборлоруна орнотулат",- деди Сарпашев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан