Жалал-Абадда 635 миң сом каражатты негизсиз сарптаган Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жана облустук прокуратурасы тарабынан Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 15-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абаддагы медициналык борбордун жооптуу кызматкеринин 635 миң сом каражатты негизсиз сарптаганы аныкталган.
Мындан сырткары ошол эле борбордун дагы бир кызматкери 2013-жылы кызмат абалынан пайдаланып, 356 миң сом каражатты өздүк эсебине өткөрүп алганы белгилүү болгон. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
meri6ka
2014-08-16 12:27:01
Омой кантет, не болуп эле атышат. Аты жонунда айтпаптырда.
0
ayakosya
2014-08-16 16:33:37
35 000 жеп 600 000 ди пайдалуу жумшабайбы беш колун тыкпай
0
Revolyutsioner
2014-08-16 22:24:58
ayakosya, 35 000ден баштаган да, тим коюшса эртен 2 000 000 жемек.....
0
ayakosya
2014-08-17 13:39:53
Revolyutsioner, туура эле. Кандай туготуп жиберишет билбейм
0
danik0101
2014-08-17 11:33:53
Аябай чон эрдик жасашыптыр да баракелде. Алардын маянасы жетишээрлик болгондо мындай болбойт беле. Миллиондорду жеген атка минерлерди кантип актап жатышат тушунбойм.......
0
Revolyutsioner
2014-08-17 14:20:27
danik0101, врачтардын айлык-маянасы кудайга шугур, 10 мин сомдун устундо алышат, 100 000 сом кылып койгон кундо да жен астынан пара келип жатса ала беришет. Коррупция эмнеге бар, жокчулуктанбы же жазоосуз калтырылганданбы? Мына Союздун алгачкы жылдарында же согуш убагында эл кыйналганда эмнеге коррупция онуккон жок, себеби коррупционерди катаал жаза кутчу, азырчы, кармап алса акча, тааныштар менен кайра чыгып кетесин, адамдар жаза болбогону учун кутуруп жатышат...
+1
Revolyutsioner
2014-08-17 14:24:42
Союздагыдай тартип болсун эле ошондо кормокмун коррупционерлерди, Акуйдон баштап корруппцияга белчесинен баткандардын уй-мулку, байлыктарын мамлекеттин эсебине конфискациялап оздорун эмгек колонияларына кесишсин эле 10-25 жылдан ГУЛАГга окшотуп, пара бергендер да, алгандар да тык токтойт, ар бир жаранга жан таттуу, буюрбаган акчаны деп турмого тушкусу келбейт. Азыр мыйзам иштебейт,бийлик озу уурдап отурса калгандары да уурдайт да, бийлик алмашышы керек, уурулуардын ордуна эл уулдары келиши керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан