Жайыл районунда катуу шамал катталып, №35-кесиптик лицейдин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 14-август күнү саат 14:35тен 15:15ке чейин Жайыл районунун аймагында катуу шамал катталган. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрге чейин жетип, №35-кесиптик лицейдин жана 2-корпусунун чатырын учуруп кеткен.