КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туруктуу жашаган үйү жок адамдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды. Бул тууралуу Социалдык өкүнтүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, долбоор үчүн республикалык бюджеттен 1 миллион 80 миң 996 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлүнгөн.