Бишкекте "дайынсыз жоголду" деп изделип жаткан өспүрүм интернет-клубдан табылды

"Дайынсыз жоголду" делип жаткан өспүрүм бир нече күндөн кийин интернет-клубдан табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-августта кабарлады.

Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө 37 жаштагы Адилет аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 14 жаштагы уулу дайынсыз жоголуп жаткандыгын кабарлаган. Аталган жарандын айтымында, анын уулу окуу курсуна кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Өз алдынча уулун издеп көрүп, бирок жыйынтык чыкпагандан улам ал укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болгон. 

14 жаштагы өспүрүмдүн жоголгондугу тууралуу арыз келип түшкөн соң, аны табуу үчүн Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан издөө иштери башталып, дайынсыз жоголуп жаткан өспүрүм борбор калаадагы интернет-клубдардын биринен табылган. 

Милиция кызматкерлери өз кезегинде үйүнө барбай, бир нече күн интернет-клубда жүргөн өспүрүм менен профилактикалык баарлашуу өткөрүшүп, ата-энесине тапшырышкан.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
danik0101
2014-08-18 12:09:29
Шумдугун кур атана айтып койбойсунбу мен тируумун интернет клубда игра ойноп журом деп...
+1
kursantbek
2014-08-18 12:38:04
danik0101, Оада ошентиши керек еле мен тируумун Деп))))
0
Uli6886
2014-08-18 12:47:36
Интернет клубдун администратору деле айтпайбы десен "уйун барын уйно, уйун жогун карагайдын тубуно"-деп))))
+2
Alai.kyzy
2014-08-18 15:40:34
Uli6886, аларга акча болсо болду да. Ар ким оз кызыкчылыгын ойлойт. Адамдык сапат кетип баратат... (((
0
Revolyutsioner
2014-08-18 14:31:05
Ата-энелер озу куноолуу балдарын коп жонотуп "зависимый"лыкка чейин жеткирген... Эмнеге тарбиясы мыктылардын уйунон мындай жорук угулбайт?!!!
+3
Alai.kyzy
2014-08-18 15:39:42
Revolyutsioner, ата эне куноолу эмес. Апасы бир нерсе алып же деп акча берсе, баласы ал акчаны оюнга кетирет. Баланын ары жагынан, акылы жок болгон учун эч нерсени ойлобой ойноп журду да.
0
madazimova92
2014-08-18 18:17:22
Аллахым мындай балдарга ыйман ынсап бере кор
0
gulperi.kg
2014-08-18 20:48:18
Балакай чонойгондо билип алат баарын,азыр жаш))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан