Бишкекте Бек Борбиевдин сахнадагы чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата эл ичинен чыккан таланттардын арасында сынак өтөт. Анда өлкө аймагынан тандалган аткаруучулар ырчы, обончу Бек Борбиевдин репертуарындагы ырларды аткарышат. Сынактын жалпы байге фонду 500 миң сомду түзүп, баш байгеге автоунаа коюлат. Бул тууралуу 18-августта SUPER.KG порталына иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Рысбек Жабиров билдирди.
Анын айтымында, "Делбирим" аталышында өтө турган сынакка катышуучуларды тандоо туру республиканын түштүк облустары боюнча Ош облусундагы Бабур театрында 3-сентябрда орун алат. Ал эми түндүк аймак боюнча 7-сентябрда борбор калаадагы Спорт Ордосунда өткөрүлөт. Алдынкы 10 катышуучунун таланты калыстардын сынынан тышкары жергиликтүү радиодо жана
SUPER.KG порталында онлайн добуш берүүгө коюлат. 2014-жылдын 22-23-24-сентябрь күндөрү борбор калаада өтө турган концерттин жүрүшүндө жеңүүчүлөр сыйланат. Сынактын максаты - маданияттын ажырагыс бөлүгү, руханий байлыктардын бири болгон ырчылык өнөрдү өрчүтүү, жаңыдан чыгып келе жаткан жаш өнөрпоздорго колдоо көрсөтүү.