Бишкекте мас абалындагы эки адам мушташып, биринин көзү агып түшүп калды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, борбор калаадагы Патрис Лумумба жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде Арстан жана Ынтымак аттуу адамдар алкоголдук ичимдиктерди ичип отурушкан. Кийин экөөнүн ортосунда чыр чыгып, мушташа кетишкен. Ынтымак Арстанды темир буюм менен чаап жиберип, ал ооруканага жеткирилген. Ооруканада жараат алган Арстан аттуу жарандын бир көзү агып түшүп калганы аныкталган.
Учурда бөтөлкөлөшүн ур-токмокко алган Ынтымак аттуу жаран кармалып, окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.