Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандан "кримтөбөл" Камчыбек Көлбаевдин атасынын ысымы алынды

"Кримтөбөл" Камчыбек Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта SUPER.KG порталына облус администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Ат майдандан Асанбек Көлбаевдин ысымын Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин алып салуу боюнча өкмөттүн тапшырмасы бар экени айтылды. Ал эми азырынча кимдин ысымы ыйгарыла тургандыгы белгисиз.  

Айта кетсек, “Ата Мекен” фракциясы 12-августта жыйын өткөрүп, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун аталышын алмаштыруу керек экендигин билдирген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан