Казакстанда мамлекеттик туу менен таштандыларды жаап койгон айдоочу жоопкерчиликке тартылат

Алматы шаарында Казакстан Республикасынын Мамлекеттик туусу менен таштандыларды жаап койгон жүк ташуучу унаанын айдоочусу жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, айдоочунун мамлекеттик тууну туура эмес колдонгону тууралуу сүрөт социалдык тармактарда чыгып, катуу талкууга алынган. Жергиликтүү басылмалар “Милиция кызматкерлери тарабынан унаанын айдоочусу А.Ж.Есенбеков кармалып, анын 1988-жылы Алматы облусунун Карасай районунда туулгандыгы аныкталды. Суракта ал “курулуш таштандыларын бир нече күн мурун табылган туу менен жаап коюуну чечтим” деген. Эми анын Казакстан Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин “Мамлекеттик тууну колдонуунун эрежелерин бузуу” беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылышы күтүлүүдө” деп жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Revolyutsioner
2014-08-18 14:33:32
Казактар патриот, бизге окшоп олкосунун келечегине, баалуулуктарына кайдыгер эмес... Бул окуя бизде болгондо, чуу котрулон кундо да айдоочунун кылы кыйшайып жоопко тартылмак эмес...
0
welldone
2014-08-18 16:40:52
bizde musor chygaryp jatywat go
0
baha1985
2014-08-19 06:13:27
туу менен бизде ич кийим чыгарып ататко ошого тыйу салыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан