Бишкекте “Арстанбектен алп саптар” аттуу терме өнөрүн чагылдырган клиптин бет ачары болот

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө “Арстанбектен алп саптар” аттуу терме өнөрүн чагылдырган клиптин бет ачары болот. Бул тууралуу 19-августта уюштуруучулар билдиришти.

Кылымдар бою чыкпай басылып келген бул чыгарма эл менен бийликти бирдей ойго чакырат. Ар бир адамды  жашоонун маңызын туя билүүгө түртөт. Жашоонун жыргалы бийлик, мансап, байлык эмес, адамдык насил экенин даңазалайт. Анда кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү, бийчилер “Кийиз дүйнө” фестивалынын катышуучулары роль жаратышкан.

Арстанбек Буйлаш уулу 19-кылымдын 1824-1878-жылдары жашап өткөн. Учурунда карапайым эл ичинде өсүп, таланты менен Кокон хандыгынын бектерин сөз күчүнө багындырган залкар ойчул, заманчыл акын, 500дөн ашык комуз күүлөрүн мурастаган чебер комузчу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан