Бүгүн, 18-августтагы маалымат жыйынында адвокат Арман Кыйгырова: “Аламүдүн районунун тургунун укук коргоо кызматкерлери кыйнап, жасабаган кылмышын мойнуна алдырышкан”,- деп билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 30-июнунда Аламүдүн районунун Ленин айылынан Павел Гомолин аттуу тургунга чала тааныш болгон Адыл аттуу жаран келип бир баштыкты карматып жок болуп кеткен.
Аз өтпөй Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкери келип Гомолинди кармап алышкан. Себеби аталган баштыкта 1 килограммдан ашыгыраак марихуана болгондугу айтылган. 2-июлда Гомолин 2 айга камалган.
"Мен башкы прокурор Аида Саляновга кайрылып кетер элем. Себеби Гомолинге карата мойнуна алдыруу үчүн кыйноолор колдонулган. Ал жасады деп жаткан кылмыш атайын алдын ала уюштурулган. Аны жактоочусу жок суракка алып келип жатышат. Мага, жактоочуга ушуга чейин Гомолинге карата кылмыш ишинин козголушу боюнча токтомдун көчүрмөсүн берише элек. Андыктан биз иштин Бишкек шаардык прокуратурасына өтүшүн суранат элек”,- деди Арман Кыйгырова.
“Гомолин томолой жетим. Бирок анын чоң үйү бар. Ага карата атайын уюштурулган жалган жалаа менен айрымдар анын мүлкүн ээлеп алууну көздөп жатышкан болушу мүмкүн” деген адвокат кылмышка шектүү катары камакка алынган жаран буга чейин баңгизатын колдонбогонун жана сот жообуна да тартылбаганын белгилеп өттү. Ошондой эле ага баштыкты таштап кеткен Адыл аттуу жарандын аты-жөнү толук тактала электигин кошумчалады.