Нарын эли иштебей пенсияга чыккандар менен иштеген ардагерлер бирдей пенсия алганына нааразы болушууда

Нарын облусундагы Кочкор районунун тургундары Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков жана Абдыманап Кутушев менен жолугушканда партиялык системдик шайлоо жакшы, бирок аны андан ары дагы өнүктүрүү керек экендигин билдиришкен. Маалыматты бүгүн, 18-августта ЖКдан билдирди. Эл чогулушта районго депутаттар келип, элдин акыбалын сурабай жаткандыктан, ар бир өрөөнгө бирден депутатты бекитүү керектегин кошумчалашты.

Ал эми алты айылды бириктирген Мантыш айыл өкмөтүнүн жашоочулары дыйкандарга берилчү арзандатылган насыялардын жетпей жатканын айтышып, анын көлөмүн көбөйтүү өтүнүчтөрүн айтышты. Чолпон айылынын тургундары иштебей туруп пенсияга чыккандар иштеген ардагерлер менен бирдей пенсия алып жатышкандыктарына нааразы.

Депутаттар айрым маселелерди жеринде чечишип, айрымдарын иш сапарлары жыйынтыкталган соң, өкмөт мүчөлөрү менен бирдикте чечкенге аракет кылууга убада беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан