Депутат Данияр Тербишалиев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Грузиянын тажрыйбасын алуу керек деп эсептейт. Бүгүн, 22-январда ЖКда өткөн «Уюшкан кылмышка каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу учурунда депутат мындай дейт: "Учурда мыйзамдын күчтүүлүгүнөн улам Грузиядагы “мыйзамдагы уурулар” Орусияда жүрүшөт. Грузия мыйзамга “мыйзамдагы ууру, положенец” сыяктуу терминдерди киргизген. Мыйзамдарга мындай терминдер киргизилбесе, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугу болбойт”,- деди эл өкүлү. Ал уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңеш түзүүнү сунуштады.