Бүгүн Кара-Суу районунда 5 гектар алма бак өрттөнүп кетти

Бүгүн Кара-Суу районунда 5 гектар алма бак өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-августта билдирди. 

Маалыматтарга караганда, бүгүн саат 12:05 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айыл аймагындагы Правда айылында 5 гектар алма бак жана 20 гектар куураган чөп өрттөнгөн. 

Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү тургундардан 25 адам, 2 трактор жана КРнын ӨКМнын №103-өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм, №25-аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт токтотулду. Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан