Жылнаама, 19-август: Мындан бир жыл мурун кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерде белгисиз адамдар 5 кишини атып кетишкен

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы такталбаган жерде белгисиз бирөөлөр 5 кишини атып кетишкен. Тажикстандын Исфара шаарындагы Чоркух аймагындагы талаа станынын кароолчусу Абдукаххор Халоков, анын аялы, 2 небереси жана бир тууганы атылган.
* Мындан 131 жыл мурун, 1883-жылы улуу мода ханышасы Габриель Коко Шанель Франциянын Сомур шаарында төрө­л­гөн. Ата-энеси чогуу жашабагандыктан, кичинекей кыз жетимдер үйүндө тарбияланган. 12 жашка толгондо апасы каза болот да, атасы Габриелди католик мектебине киргизет. 1913-жылы Этьен Бальзан аттуу адам Габриелге Довиль шаарында баш кийим сатуучу дүкөн ачып берет. Шанелдин алгачкы кардарлары пайда боло баштайт. Иши оңунан чыгып, өзүнө ишене баштаган Габриель Бальзандан кол үзөт. Кичинекейиндеги тилеги орундалып, кийим чыгарууну ойлонот. Кээ бир кийимдерди Шанель түшүндө көрүп, анан тикчү дешет. Аялдар үчүн шым, костюм, юбкалардын жаңы моделдерин, спорт кийимдерин чыгара баштайт. Баш кийим, зер буюмдарынан сырткары атыр чыгарууга да жетишет. Анын атактуу “Шанель №5” деп аталган атыры бүгүнкү күнгө чейин эч өзгө­рүл­бөгөн, кайталангыс жытка ээ.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Чеченстанда дүйнөдөгү эң чоң деп саналган Ми-26 тик учагы кырсыкка кабылып, 127 киши каза болгон.  
* Мындан 21 жыл мурун, 1993-жылы Санкт-Петербургда "Ночные снайперы" рок-группасы түзүлгөн. Топ "31 весна", "Ты дарила мне розы", "Рубеж", "Столица", "Асфальт", "Актриса" жана башка ырлары аркылуу атакка жеткен. 
19-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан