Ысык-Көл. Көк-Мойнок айылындагы мектеп окуучулары чабандардын үйүндө билим алышууда
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айылынын мектеп окуучулары чабандардын үйүндө билим алышууда, анткени алардын мектеби өткөн жылдын декабрь айында өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Тоң районунун акиминин орун басары Улан Маликов
билдирди. Маликов окуу жүрүшүн үзгүлтүккө
учуратпоо максатында Аксакалдар кеңешинин
имараты жана эки чабандын үйү
пайдаланууга берилип, тиешелүү шарттар
түзүлгөнүн айтат. Ошондой эле жаңы окуу жылына карата жаңы
мектеп курула турганы айтылууда. Эске сала кетсек,
Көк-Мойнок айылында 92 окуучу жана 12 мугалим бар.