Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен 14 баш ири мүйүздүү мал казак чек арачыларына өткөрүлүп берилди

Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен 14 баш ири мүйүздүү мал казак чек арачыларына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кечээ, 18-августта билдиришти.

Ошондой эле Казакстандын аймагына өтүп кеткен 15 баш жылкы ээсине кайтарылды. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 15-август күнү эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында кыргыз чек арачыларына 15 баш жылкы өткөрүлүп берилген. Жылкылар Түп районунун Кең-Суу айылынын жашоочусуна тиешелүү болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан