Баткендеги Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун 7-чакырымы бүттү

Тажикстанга чектеш аймактагы Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулуш иши менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков таанышып кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, учурда жолдун 7-чакырымында узундугу 36 метрлик чоң көпүрөнү тургузуу иштери жүрүп жатат. Жалпы суммасы 36 миллион сомго бааланган бул жол курулушу аяктаса, Тажикстанга көз карандысыз Көк-Таштан Ак-Сай айылына чейинки каттам ачылат. Жол куруучуларга курулушту өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн дагы бир оор салмактуу техника кошулушу күтүлүүдө. Жумушчулардын коопсуздугун сактоо үчүн бардык күч түзүмдөрү тартылган.

Жолдун жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт. Ал эми ошол эле жолдо 36 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушуна 3 даана техника тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан