Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши сотко өттү. Башкы прокуратуранын билдиришинче, кызматкерлер "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "шалаакылык" өңдүү беренелер боюнча айыпталышууда. Алар Ош шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгында, өкмөттүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Ош шаары, Араван, Кара-Суу, жана Ноокат райондору боюнча башкармалыгында, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыктарында иштегендер экени айтылды.
Тактай кетсек, Ош шаардык архитектура башкармалыгынын мурунку жетекчиси Б.Н., Экотехинспекциянын инспектору Ж.А. "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп күнөөлөнүп жатышат. Калган үч кызматкер "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан" деп шектелүүдө.
Бул иш сотто каралуу алдында турганын билдирет Башкы прокуратура.