Бүгүн, 22-январда ЖКда «Уюшкан кылмышка каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болду. Аталган мыйзам долбоору ИИМ тарабынан сунушталууда. Бул долбоордун кыргызча үлгүсүндөгү бир эле баракта 20дан ашык ар кандай ката бар экенин белгилеген депутат Туратбек Мадылбеков “бул мыйзам долбоору кантип комитеттен өткөндүгүн түшүнбөйм”,- десе, дагы бир депутат Курмантай Абдиев долбоордогу «иерархия», «идеология», «субкультура» сыяктуу сөздөрдүн кыргыз тилине которулбаганын сынга алды. Айтылган сындар боюнча ИИМдин өкүлү бул кемчиликти моюнга алып, бул жаатта комитеттерди кызматташууга чакырды.