Өткөн суткада өлкө боюнча 23 өрт кырсыгы катталды. Аламүдүндө турак үйдүн 80 чарчы метри күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу 19-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда М.Молдошевге таандык аянты 40 чарчы метр болгон жыгач устундуу, шифер жабылган бастырма күйгөн. Андагы 200 түк чөп өрттөнүп, кырсык 7 жаштагы баланын от менен ойногонунан келип чыкканы аныкталган.

Аламүдүн районундагы Кырман жаңы конушунда Т.Исагалиевге таандык турак үйдө өрт чыккан. Анда 80 чарчы метр аянтта 3 бөлмөсүнүн жука жыгачтан капталган шыбы, сыналгы, шифоньер, уктоочу эмерек, паластар,  төшөнчүлөр, 4 эшик, 3 терезе, кийим-кечелер күйгөн. Өрт кырсыгы электр жабдууларын куроодон келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан