Ысык-Көл. Тоң районунун энциклопедиясы жарык көрөт

Быйыл Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун тарыхын жана райондун өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон инсандар тууралуу кызыктуу маалыматтарды камтыган Тоң районунун энциклопедиясын чыгаруу пландалууда. Бул маалыматты Тоң райондук Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Максат Кыдырбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин айыл тургундары тарабынан энциклопедиянын ички мазмуну, түзүлүшү, көлөмү, нускасы, маалыматтардын чогултулушу боюнча ар кандай сунуштар айтылып, соңунда курамына ар бир айылдан 2ден адам кирген редакциялык жамаат түзүлдү. "Алгач райондо аты таанымал адамдардын тизмесин  тактап, ар бир айылдын тарыхын иликтөөгө алынат. Маалыматтарды топтоодо редколлегия айыл округ башчылары, жооптуу катчылар, айыл башчылары жалпы эле коомчулук менен тыгыз кызматташып, маалыматтарды жалпылаштыруу боюнча ай сайын кеңешме өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты",- дейт Кыдырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан