Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уурулук фактысына шектелип, 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда ал белгисиз адам үйүнүн жанында токтоп турган скутерди уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Ысык-Ата районунун 19 жаштагы О.Улан аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.