Бишкекте уурулукка шектелип Чүй облусунун жараны кармалды

"Бишкекте уурулук менен алектенип жүргөн" деген шек Чүй облусунун жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-августта кабарлады.

Маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Улан аттуу тургунунун унаасын ачып, ичиндеги баалуу буюмдарын уурдап кетишкен. Аталган кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 22 жаштагы Тынчтыкбек аттуу тургуну кармалган. Иликтөөдө кармалган адам Бурул аттуу айымдын үйүнө уурулукка кирип, уюлдук телефонун жана башка баалуу буюмдарын алып кеткендиги ачыкталган. Иликтөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан